Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Эркиндигибизди сактап калгандарды терең ыраазычылык менен эскеребиз

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 634 | 0

«Биз жалпы тарыхыбызды унутпай, аны кайрадан жазып чыгууга болгон аракеттерге биргелешип каршы турушубуз керек», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңиш майрамына өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Биз жалпы Мекенибиздин эркиндигин сактап калгандарды терең ыраазычылык менен эскеребиз, Улуу Жеңиштин урматына ири иш-чараларды өткөрөбүз», — деп ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тогузунчу Май — жалпы Жеңишибиздин күнү экенин,  Совет эли бүткүл дүйнөгө биримдиктин, массалык каармандыктын, Ата-Журтуна берилгендиктин уникалдуу мисалын көрсөткөнүн дагы бир жолу белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM