Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Бажы көзөмөлү толук санарипке өтүп, ачык-айкындуулук болот

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 386 | 0

Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайларында бажы көзөмөлүнүн күчөтүлүшү өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртат, товарларды жаап-жашырууга жол берилбей, ачык-айкындуулук болот. Мунун баары бажы жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын киргизүү менен жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Биз бажы тармагын толугу менен санариптик тейлөөгө өткөрөбүз. Муну менен адамдык фактор жоюлат. Азыр этап-этабы менен бардык бажы посттору заманбап техникалар менен жабдылууда. Мунун бары азыр көпчүлүк күмөн санап жаткан ачык-айкындуулукту камсыз кылууну шарттайт. Чек арадагы ушул иштерди реалдуу убакытта көрүп турса болот. Бул ар бир жаран көзөмөл-өткөрүү жайларында абал кандай экенин көрүп турууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындан ары бул система «Түндүк» тутуму менен байланыштырылат. Бул аракеттер аркылуу коңшу өлкөлөр менен көп жылдан бери чиеленип калган статистикалык маалыматтарга чекит коюлат. Муну менен катар «Ак-Тилек», «Чалдовар» жана «Чоң-Капка» өткөрүү жайларында автоматташтырылган салмак-габариттик көзөмөлдөө системасын орнотуу иштери аяктап калды. 9 пунктта 472 видеобайкоо камералар иштеп жатат, 5 өткөрүү жайында инспектордук-текшерүү комплекси орнотулууда. Анын бирөө колдонууга берилди, — деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр бул иштерге инвесторлорду тартуу керектигин белгиледи.

Биз бажы чөйрөсүндөгү терминалдарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибин киргизүү керек деп эсептейбиз. Бул кандайдыр бир товар ортодон жоголуп кетет деген күмөн саноону жокко чыгарат, — деди Өкмөт башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM