Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Кыска кабар | 15 Июн 2020 | 2444 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, өкмөт башчы Байланыш агенттигиндеги жыштык сатуу фактысы боюнча коррупциялык иш аныкталгандан кийин убактылуу эмгек өргүүсүнө чыккан болчу. Өкмөт бул ишке Абылгазиевдин тиешеси жок экенин да кабарлап чыккан.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 20-апрелинен бери Өкмөттү жетектеп келди.

 

Copyright © 2017 Maral FM