Биз менен байланышыңыз

Бразилия: Жемкордукка айыпталган экс-президент 17 жылга кесилди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 605 | 0

Бразилиянын экс-президенти Луис Инас Лула да Силва жемкордук үчүн айыпталып, 17 жыл, 1 айга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди өлкөнүн 4-федералдык соту чыгарды.

Ал бийликте турган учурда жемкордукка аралашкан жана арам акчаны адалдаган деп айыпталууда. Ошондой эле өз кызматынан пайдаланып, 3,7 млн реал же 1,1 миллион доллардык батирди белекке алгандыгы айтылат.

Да Силва 2017-жылдын 12-июлунда кармалып, 9 жарым жылга эркинен ажыратылган. 2018-жылы жаза мөөнөтү 12 жылга узартылган болчу.

Айта кетсек, Да Силва учурунда болгон Бразилиядагы жемкордук тууралуу үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда Франциянын экс-президенти Франсуа Олланд күбө катары чакырылып, сурак берген.

Луис Инас Лула да Силва Бразилияны 2003-жылдан 2011-жылга чейин башкарып турган.

Copyright © 2017 Maral FM