Connect with us

9 жыл мурда жабылган Таластагы “Кичи-Капка” өткөрмө пункту ачылды

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 419 | 0

Талас облусундагы “Кичи-Капка” өткөрмө пункту жарандарды кайра өткөрө баштайт. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Аталган чек ара өткөрмө бекети 2010-жылы казак тараптын демилгеси менен жабылган. Чек ара кызматынын башчысы билдиргендей, бул чечим Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2019-жылдын 27-ноябрындагы Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында кабыл алынды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекеттер аралык Жогорку кеңешинде эки өлкө башчылары «Ак-Жол» (Кыргызстан) — «Кордай» (Казакстан) өткөрмө пунктун биргелешип реконструкциялоо зарылдыгын талкуулашты, президенттер тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынды. Бул чара кыргыз-казак чек арасын кесип өткөн жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекет башчылары тарабынан ошондой эле «Каркыра — автодорожный» өткөрмө-көзөмөл пунктунун иштөө убактысын узартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул өткөрмө пункттун толук кандуу иштөөсү, биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн чек ара боюндагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде Казакстанга өздөрү өндүргөн айыл чарба азыктарын экспорттого мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, Кыргызстандын жана Казакстандын Мамлекет башчылары «Кең-Булуң» жана «Токмок» өткөрмө пункттарынын макамын эки тараптуулуктан көп тараптуулукка өзгөртүүгө багытталган мамлекеттик ички процедураларды кыска мөөнөттө аяктоо зарылчылыгын белгилешти. Ошондо бул тилкеден чет өлкөлүк жарандардын да чек араны кесип өтүүсүнө шарт түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM