Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенге учуп кетти 

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 995 | 0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо үчүн бүгүн Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткенге учуп кетти. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

УКМКдан билдиришкендей, 29-апрель саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, бирок чыңалуу бар.

Ошондой эле учурда мамлекеттик чек арадагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери кыргыз тарабынан кадимки тартипте иштөөдө.

Чек арачылар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте кырдаалды жөнгө салуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатышат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин чек арада келип чыккан көйгөйлүү маселелерди эл аралык укуктун жана жетишилген эки тараптуу келишимдердин алкагында сүйлөшүү столунда чечүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы төрт жаран жараат алган. Алардын үчөөнө таш тийген, бирөөсү октон жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлүүдө.

Мындан сырткары чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM