Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 27-ноябрда Санкт-Петербургдагы жумуштары бүткөн соң, Бишкекке карай учат. Бул тууралуу Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Буга чейин Орусия президентинин 28-ноябрда Бишкекте боло турган ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отурумуна катышары айтылган.