Биз менен байланышыңыз

КМШ өлкөлөрүнүн салыкчылары санариптик салыктыктык башкарууну талкуулашты

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 367 | 0

Орусиянын Москва шаарында КМШ катышуучу мамлекеттеринин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 26-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстандын салык органдарынын, ошондой эле КМШ Аткаруу комитетинин, КМШ катышуучу мамлекеттеринин салык жана салык салуу чөйрөсүндө кадрларды кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Базалык уюмунун өкүлдөрү катышышты. Байкоочу катары Кытай менен Өзбекстандын салык органдарынын делегациялары катышты.

Мындан тышкары, жыйынга эл аралык салык коомчулугунун: Евразия экономикалык комиссиясынын, Европалык салыктык башкаруу уюмунун, Эл аралык валюта фонду, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму, ошондой эле Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да катышты.

Делегациялар салыктык башкаруу жана жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Талкуунун жыйынтыгында тараптар бул жааттагы жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу макулдашышты.

Катышуучулар ошондой эле, 2020-жылга чейинки мезгилге КМШ Экономикалык өнүгүү стратегиясынын үчүнчү этабынын аткарылышынын жүрүшүн жана 2030-жылга чейинки мезгилге КМШ Экономикалык өнүгүү стратегиясынын биринчи этабын ишке ашыруунун долбоорун баалашты.

Copyright © 2017 Maral FM