Биз менен байланышыңыз

Разаков: «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган системасы жакшырууда

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 509 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишине мониторинг жүргүзүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгына, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна барды.

Көчмө жыйында Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгы тарабынан «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасындагы «тергөө сотторунун» модулуна тестирлөө жүргүзүлдү.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын кызматкерлерине укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, өлкөдөгү райондук райондук соттордун судьялары сыяктуу эле окутуу иш-чараларынын комплексинен өткөрүлдү.

Соттор тарабынан маалыматтарды алмашуу боюнча тесттик иш-чараларды өткөргөн соң, «Тергөө соту» модулу республика боюнча толук кандуу иштеп баштайт.

Биз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутумунун ишин так камсыз кылуубуз зарыл. Ал көзөмөл тутумун жакшыртып, арыз, даттануу түшкөндөн тартып, аны сот органдарында кароого чейинки бардык процесстердин ачык-айкындыгын жогорулатат. Укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылган жарандар өз арызын кароонун бардык стадияларын онлайн режиминде көрүп турушу керек, — деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Copyright © 2017 Maral FM