Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда «CA-News» сайтына бөгөт коюлду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 521 | 0

Тажикcтанда Борбор Азиялык жаңылыктар кызматы — «CA-News» маалымат порталынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу портал өзү жазган.

Тажикстанда ири маалымат булактарынын жана издөөчү сайттардын жабылышы май айында эле башталган. Бөгөт коюлган сайттар арасында Google, YouTube видеохостинги, Facebook социалдык тармагы, «Одноклассники», «В Контакте» жана башка мессенджер-сайттар бар.

Орусия басылмалары жазгандай, CA-News порталы өлкөдөгү жалпы аймакта чектелүүдө. «Интерком», «Мегафон-Тажикстан», Tcell жана Beeline компанияларына бөгөт коюу бийликтин буйругу менен аткарылып жатканын айтышкан.

Бийлик башчылары бул тууралуу үн ката элек.

Буга чейин «Азия-Плюс» жана Радио Озоди сайттары да чектөөгө кабылып, бир канча күндөн соң кайра жумушун жандандырган.

Copyright © 2017 Maral FM