Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекке Казакстандын президенти келет

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 586 | 0

Бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келет. Бул Токаевдин президент катары алгачкы мамлекеттик сапары болот. Ал визит президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен болуп жатат.

Мамлекеттик визит эки тараптуу саясий алакалардын бийик деңгээлде экендигин тастыктап турган визиттердин жогорку формасы болуп саналат.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмү белгилегендей, иш сапардын алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлат деп пландалууда.

Визиттин алкагында чек ара, транспорт, миграция, саламаттыктык сактоо жана башка бир катар тармакка байланыштуу документтерге кол коюлат.

Андан тышкары, Бешинчи кыргыз-казак мамлекеттер аралык кеңеши өтөт. Бул акыркы беш жыл аралыгындагы биринчи саммит. Анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат.

Кечээ эки өлкөнүн президенттери — президент Жээнбеков менен Токаев телефон аркылуу сүйлөшүп, Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити, ошондой эле 28-ноябрда Бишкекте боло турган ЖККУнун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отуруму тууралуу пикир алышкан.


 

Copyright © 2017 Maral FM