Биз менен байланышыңыз

Жеенчороев: Өкмөт күйүүчү май маселесин чече албаса, отставкага кетиши керек

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 564 | 0

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында Өкмөттүн ЕАЭБ алкагында жана үчүнчү өлкөлөрдөн эсепке алынбаган, аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалыматы угулду.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргенден кийин ар кандай көмүскө жолдор аркылуу контрабандалык товарлар ЕАЭБ аймагына жайылтыла баштаганын, Өкмөт бул багытта алдын алуу чараларын көрүп жатканын белгиледи.

Коррупция өлкөнүн экономикасына чоң зыян тийгизүүдө. Азыркы учурда «Чалдыбар», «Ак-Тилек», «Чоң-Капка» сыяктуу өткөрмө жайларда атайын коюлган товарларды эсепке алуу жабдуулары орнотулуп, эл аралык жолдордо автоматташтырылган салмак-габариттик көзөмөл тутумдары курулуп жатат, — деди вице-премьер-министр.

Депутат Азамат Арапбаев Өкмөттү өлкө аймагына коррупциялык жолдор аркылуу алынып келинген тамеки товарларына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

Ал эми депутат Мирлан Жеенчороев контрабандалык жосундардан улам Кыргызстан менен Казакстандагы күйүүчү майдын баасындагы айырма дагы эле 10 сом бойдон калып жатканын эске салып, өкмөт башчы бул маселени эки жылдан бери чече албай келатканын айтты.

Алар кепилдик сурап жатат, биз анын бере албай жатабыз. Бул көйгөй эки тараптуу келишим түзүлмөйүнчө бир жактуу чечилиши кыйын. Эгерде Өкмөт күйүүчү май боюнча маселени чече албаса, анда отставкага кетиши керек, — деп кошумчалады ал.

Экономика министри бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, азыр эки тарап бир пикирге келгенин, келишим ратификациялануу алдында турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM