Биз менен байланышыңыз

Ислам Кызматташтык Уюмунун 50 жылдыгына министр Айдарбеков катышты

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 509 | 0

Сауд Арабиясынын Жидда шаарында Тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков кечээ, 25-ноябрда Ислам Кызматташтык Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган «Биргеликте тынчтыкка жана өнүгүүгө» аталышындагы «Алтын Юбилей» салтанаттуу аземине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Айдарбеков Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Юсуф Аль-Усеймин жана Сауд Арабия Падышалыгынын Тышкы иштер министри ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Ислам Кызматташтык Уюмунун ортосундагы кызматташтыктын келечеги жана Сауд Арабия падышалыгы менен эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашылды.

Copyright © 2017 Maral FM