Биз менен байланышыңыз

Чет жактан миң жаран алынып келинет. Өлкөлөрдүн тизмеси

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 982 | 0

Май айынын жакынкы жумаларында чет өлкөдө жүргөн 1 миңдей кыргызстандыкты мекенине кайтаруу иштери пландалууда. Бул тууралуу брифинг учурунда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, мекендештерди төмөнкү өлкөлөрдөн алып келүү күтүлүүдө:

Катардан — 36;

Кувейттен — 105;

Ирандан — 16;

Франкфурт-на-Майне шаарынан — 36;

Стамбул шаарынан — 349;

Москва шаарынан — 402;

Түштүк Кореядан — 35;

Япониядан — 30;

Белоруссиядан  37 жаран алынып келинет.

Айдарбековдун айтымында, учурда 58 өлкөдө жашап, иштеп жүргөн 8 712 кыргызстандык мекенине кайтуу ниетин билдирген.

−Чет жакта жүргөн жарандарыбызды алып келүү — учурда биринчи максатыбыз. Бирок транспорт, вирусту таркатып ийбөө үчүн жасалчу процедуралардын баары белгилүү бир убакытты талап кылат. Андыктан түшүнүү менен кабыл алып, ар кандай жалган маалыматтар менен кырдаалды курчутпай турууга чакырабыз, — деди министр.

Чет өлкөдөн келген жарандар коронавирусту аныктоочу ПЧР анализин тапшырышат, обсервацияга алынат. Ошондой эле, коронавирус диагнозу аныкталган жарандар дарыланууга жаткырылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM