Биз менен байланышыңыз

УКМК оң рулдуу унааларды Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирген схеманы ачыктады

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 621 | 1

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы оң рулдуу автоунааларды Кыргызстанга алып кирип, мыйзамсыз каттоого алган схеманы аныктады.

Бул тууралуу УКМК бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

Атайын кызматтын маалыматында, бул мыйзамсыз иш Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» ишканасынын айрым кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп турган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөдө “Унаа” ишканасынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн Региондор аралык секторунун адиси “Б.М.И.” бул ишке шектүү экени аныкталган. Ал тиешелүү тараптар менен өз ара сүйлөшүп алып, оң рулдуу унааларды 100, 200 АКШ доллар акчага каттоого коюуга көмөктөшкөн.

23-ноябрда ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде жогорудагы схема менен тыштан кирген оң рулдуу 10 унаа кармалган. Бул мыйзамсыз ишке шектүү катары «Унаа» ишканасынын кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул мыйзамсыз схемага тиешеси бар дагы башка тийиштүү кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда 2015-жылдан баштап оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салынган.

1 пикир

1 пикир

  1. Патриот

    02.12.2019 19:40

    Унаа да иштегендер, оздору айтып жатса да башчысы жана анын орун басары, тагыраак У, Касымалиев менен Козубаевды кетире албай баштары ооп жатышат, крыша сына акча чогултуп берет экен, ар бир текшеруу сайын касымалиев деген неме жумушчуларына жуктоп коет экен.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM