Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев түрк кесиптеши Сойлу менен Саймаитинин өлүмүн иликтөөнү талкуулады

Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 566 | 0

Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев Түркиянын ИИМ министри Сулейман Сойлу менен Түркияда атылып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышты. Бул кылмыш боюнча зарыл болгон маалыматтарды алмашуу тууралуу макулдашышты. Бул тууралуу эки министрдин кечээ телефондук сүйлөшүүсүндө айтылганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар укук коргоо органдарынын учурдагы эки тараптуу кызматташууларына жогору баасын беришти. Туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо максатында мындан ары да күч-аракеттер жумшаларын баса белгилешти.

Кашкар Джунушалиев өлкөлөр ортосундагы көп жылдык достук мамиле Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө менен профессионалдык карым-катнашын өнүктүрүүгө аракет кыларын билдирди.

Министр Жунушалиев кечээ Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Түркиянын Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушкан.

Copyright © 2017 Maral FM