Биз менен байланышыңыз

Футболчу Гүлжигит Алыкулов 19 жашка толду

Кыска кабар , Спорт | 25 Ноя 2019 | 1097 | 0

Кыргызстандын футбол федерациясы улуттук кураманын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкуловду туулган күнү, 19 жашка толушу менен куттуктады. Федерация фейсбуктагы баракчасына Гүлжигит Алыкуловдун улуттук курама команданын кийимин кийинип турган сүрөтүн коюп, анын 19 жашка толгонун белгилеп пост жарыялады.

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов 2000-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. «Дордой» футболдук командасынын тарбиялануучусу болуп саналат. 2019-жылдан бери Белоруссиянын «Неман» футболдук клубунда ойнойт.

Улуттук курамага ушул жылдын 11-июнунан тарта ойногон. Дебюттук матчында ал Палестина курамасына каршы беттеште оюн көрсөткөн.

Быйыл 2022-дүйнө жана 2023-Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында Мьянма менен беттеште дебюттук голун киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM