Connect with us

Боронов «ОСТИМ» өнөр жай зонасында эмгектенген ишкерлер менен жолукту

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 574 | 0

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «ОСТИМ» өнөр жай зонасынын аймагында эмгектенген ишкерлер жана гидроэнергетика чөйрөсүндө адистешкен «Темсан»  компаниясынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.  

Кубатбек Боронов «ОСТИМ» өнөр жай зонасынын аймагында эмгектенген ишкерлер жана жетекчилиги менен жолукту. Жолугушууда түркиялык ишкерлерге биздин республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар айтылды.

Иш-чаранын алкагында кыргыз делегациясынын мүчөлөрү – тармактык министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек жана Нарын эркин экономикалык аймактарынын жетекчилери «ОСТИМ» өнөр жай зонасынын ишкерлери менен Кыргызстанда ишкердик кылуу, инвестиция тартуу жана жаңы өнөр жай аянттарын ачуу  боюнча маалыматтарды жеткирүү максатында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов гидроэнергетика чөйрөсүндө адистешкен «Темсан»  компаниясынын иши менен таанышты.

Жолугушууда тараптар бул компаниянын ата мекендик гидроэнергетикалык долбоорлорго катышуу мүмкүндүгү тууралуу пикир алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM