«Талибан» радикалдык кыймылынын аскерлери Ооганстандагы Дайкунди провинциясындагы полиция бөлүмүнө чабуул койду. Бул тууралуу жергиликтүү губернатордун маалымат катчысына шилтеме жасап, Анадолу агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, чабуул учурунда 8 адам каза болуп, 4 полиция кызматкери жарадар болгон.
Ошондой эле ок атышуунун жүрүшүндө 25 талибан жок кылынган.
Бул тууралуу «Талибан» кыймылы эч кандай билдирүү жасай элек.