Биз менен байланышыңыз

Путин Азербайжандын биринчи вице-президенти Мехрибан Алиевага «Достук» орденин тапшырды (сүрөт) 

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Ноя 2019 | 573 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Ново-Огарёвдогу резиденцияда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жубайы, Азербайжандын биринчи вице-президенти Мехрибан Алиеваны кабыл алды.

Жолугушууда орус-азербайжан мамилесин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Мехрибан Алиевага Орусиянын мамлекеттик «Достук» орденин тапшырды.

Эске салсак, Мехрибан Алиева биринчи вице-президент болуп 2017-жылдын 21-февралында кызматка келген.

Copyright © 2017 Maral FM