Биз менен байланышыңыз

Дастанбек Жумабеков «Бажыдагы миллиондор» боюнча оюн айтты

Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 1221 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» аталышындагы журналисттик иликтөө боюнча пикирин кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечими чыккан соң айтат. Бул тууралуу Жумабеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал иликтөөдө айтылган коррупциялык схема боюнча Матраимовдордун ролу тууралуу эч нерсе айта албай турганын, анткени депуттык комиссиянын чечимин күтүп жатканын белгиледи.

«Журналисттик иликтөө боюнча эксперттер өздөрүнүн ойлорун айтууда. Бирок эң негизгиси ЖК сыртта калган жокпуз. Ошол күнү эле депутаттык комиссия түздүк, кыска мөөнөттө өздөрүнүн ишин башташат. Текшерүү иштери бүтсө, жыйынтыгын жалпы палатага алып чыкканда угасыздар. Иликтөөдө мынчасы мыйзамдуу же мыйзамсыз деп айта албаймын. Мунун үстүнөн буга чейин да укук коргоо органдары өздөрүнүн ишин жүргүзүп келген. Ал эми эң орчундуу окуя сыртта болгон жаран туралуу болуп жатат. Ал башка мамлекеттин да жараны, анын баарын эске алышыбыз керек. Депуттык комиссиянын чечиминен кийин өз оюмду билдирем», — дейт Жумабеков.

Ал мындан сырткары Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн  депутаттык комиссиянын курамы тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

«Дүйшөмбү күнү дагы карайбыз. Искендер Матраимов комиссиянын курамынан чыгары тууралуу билдирүү жасады. Мен модератор катары фракция берген тизмедеги депутаттардын атын аташым керек. Коомдук талкуудан кийин резонанстуу маселелер чыкты, Матраимов мүчөлүктөн баш тартып жатат окшойт. Алар өздөрү чечет», — деди төрага.

Парламент Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түздү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM