Биз менен байланышыңыз

Дөңгөлөк которуудагы катачылыктар

Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 473 | 0

Кышкы дөңгөлөктөрдү алмаштырууда кетирген башкы катачылык — жарактуулук мөөнөтү бүткөн эски резиналарды колдонуу. Бул тууралуу «За рулем» журналы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына таянсак, кышкы дөңгөлөктөрдү туура эмес сактоо аларды керексиз абалга алып келет.

Дөңгөлөктөр кургак, салкын, жакшы желдетилген жайда сакталышы керек. Андан сырткары, диски жок шиналарды жерге коюуга болот. Ал эми чогултулган дөңгөлөктү жерге тийбегендей кылып коюу зарыл.

Мындан сырткары дөңгөлөк бекитүүчү болтторду туура эмес тагуу да кеңири тараган катачылык. Аларды шахматтык иретте тарттыруу керек. Бул учурда болтторду туура тарттыруу үчүн динамометрикалык ачкычты пайдалануу кажет.

«Айрым айдоочулардын унаага дөңгөлөктү туура эмес тагып жүргөнүн да айтып калышат. Мындан улам, дөңгөлөктөр бат эле жешилип, унаанын башкаруу жөндөмдүүлүгү начарлайт. Дагы бир катачылык – дөңгөлөктөрдүн теңсалмактуулугунун жоктугу да шинанын жараксыз абалга келишине себепчи болот. Бул процедураны жылына бир жолу жасап коюш керек», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM