Биз менен байланышыңыз

Омошов: Cалык системасындагы мүчүлүштүктөрдү жолго коюу зарыл

Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 803 | 0

Көмүскө экономиканы ачык-айкын иштөөгө чыгарууга жардам берүү JIA бизнес ассоциациясынын артыкчылыктуу багытынын бири. Ал үчүн салык системасындагы мүчүлүштүктөрдү жолго коюу зарыл. Бул өкмөттүн алдындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болушу керек. Мындай пикирин аталган бирикменин башкаруу кеңешинин төрагасы Жоодар Омошов Талас шаарында өтүп жаткан бизнес-форумдун расмий ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди.

«JIA аймактарды кыдырып, ишкерлердин көйгөйлөрүн, тажрыйба жана ийгиликтерин бөлүшүү максатында уюштурулган Business Caravan долбоору бүгүн Талас облусунда өтүп жатат. Бул биздин Ассоциациянын аймактарды өнүктүрүү жылындагы аткарган ийгиликтүү демилгесинин жыйынтыктоочу иш-чарасы. JIA 2017-жылы 10 жылдык стратегиясын кабыл алган. 7 пункттан турган стратегиялык максаттарды ишке ашыруу үстүндө иштеп жатабыз», — деди Омошов.

Ал белгилегендей, JIA бизнес ассоциациясы чакан жана орто бизнести өнүктүрүү максатында 2006-жылы 10 ишкерден турган топтон түптөлсө, бүгүнкү күндө 1 миңден ашуун ишкердин башын бириктирген бирикмеге айланды. Мындай деңгээлге жетүүдө бирикменин мүчөлөрүнүн, өнөктөштөрдүн салымы зор.

Таласта «Buurchak Fest -2019» көргөзмөсү өтүп жатат

Copyright © 2017 Maral FM