Талас шаарынын борбордук аянтында «Buurchak Fest -2019» жана айыл-чарба тармагындагы өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу JIA бизнес ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага облус райондорунан жана Бишкектен келген ишкерлер, фермер-дыйкандар катышууда.
Андан сырткары, Business Caravan алкагында бизнес-форум өтүп, «Талас облусунун өндүрүштүк-экспорттук потенциалы» аталышындагы пленардык талкуу, ишкерлер арасында эки тараптуу жолугушуулар өтөт.
Көргөзмө JIA бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулган.