Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: «Элдин бийликке болгон ишеними прокуратуранын ишине тыгыз байланыштуу» (сүрөт)

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 426 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдыгына карата өткөн иш-чарада:

-Реформанын алкагында прокуратуранын укук коргоочулук функциялары биринчи планга чыгуусу зарыл. Жарандардын укуктарын коргоо — прокуратура органдарынын түздөн-түз милдети, — деп белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, прокуратуранын иши жакшырмайынча, жалпы сот өндүрүшү да оӊолбойт. Соттук — укуктук реформаны ишке ашыруу — соттордун же прокуратуралардын эле ведомстволук иши эмес, жалпы мамлекеттик иш.

Ал коомдо мыйзамдуулук орноп, жарандын укугу кынтыксыз корголсо, реформа элдин колдоосуна ээ болорун кошумчалады:

Ошондуктан азыр мамлекеттик бийликтин аброю, элдин бийликке болгон ишеними прокуратура органдарынын натыйжалуу ишине тыгыз байланышкан. Мамлекеттик бийликке карата болгон элдин оң мамилесин бекемдөөдө прокуратура органдарынын жоопкерчилиги абдан жогору, — деди Жээнбеков.

Президент учурда өлкө соттук-укуктук реформанын башталгыч этабында турганын, алдыда иштер арбын экенин белгиледи. Мындан тышкары, соттук-укуктук реформа өлкөдө жүрүп жаткан санариптештирүү процесси менен тыгыз байланыштуу экенин, прокуратура органдарынын ишине санариптик инфраструктура артыкчылыктуу тартипте киргизилерин өзгөчө белгиледи.

Ал коррупцияга каршы күрөшүү — дайыма актуалдуу жана приоритеттүү багыттардын бири бойдон каларын баса белгиледи. Жаӊы укуктук шарттарда Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштүн башкы координатору экендигин өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле тергөөчүлөр тарабынан создуктурулуп жаткан иштер боюнча жарандардын көптөгөн нааразычылыгына көңүл бурду:

Бул прокурорлор тарабынан көзөмөлдүн жоктугунан болуп жатат. Ошондуктан, сотко чейинки өндүрүштө мыйзамдуулуктун кынтыксыз сакталышына көзөмөл жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Соттук өндүрүштө Мамлекеттик айыпты колдоонун сапатын жогорулатуу зарыл. Ошондой эле, соттук иштерди кароону негизсиз создуктуруу менен жарандардын укуктарын бузуу фактыларын жоюу талап кылынат, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы, прокуратуранын ардагерлерин куттуктап, алардын узак жылдар бою прокуратурада иштеп, өлкөдө мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымдарын эске салды.

 

Copyright © 2017 Maral FM