Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия ишин жыйынтыктап, парламентке жиберди

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 567 | 0

Ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын чечими Жогорку Кеңешке жиберилди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Комиссиянын чечимине баардык мүчөлөр кол койгон. Деген менен курамга киргизилген юрист Клара Сооронкулова документке өзүнүн сунушун кошкон.

Комиссиянын 20 мүчөсү менен вице-премьер министр Жеңиш Раззаков жолугуп, калыс иштегени айтылат.

Эми бул документ парламенттин тиешелүү комитеттеринен өтүп, жалпы палатага алынып чыкмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM