Биз менен байланышыңыз

Мирлан Бакиров Мамлекеттик катчы кызмат органын түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 748 | 0

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Мамлекеттик катчы кызмат органын түзүү сунушун киргизди. Бул тууралуу ал Аксы районунда кыздардын массалык мушташы боюнча маселени мисалга келтирип айтты.

Вице-спикер Аксыдагы окуучу кыздардын массалык мушташы коомдогу кооптуу көрүнүштүн күч алып баратканы тууралуу төмөндөгүдөй ойдо:

-Балдар болсо да мынчалык чуу көтөрүлмөк эмес. Кыздардын массалык мушташы өтө жаман көрүнүш болду. Бул жерде окуя , мүмкүн, тарбиянын жетишпегендиги, идеологиянын жетишпестигинен улам болуп жатат. «Бизде айтылган маселелер, сунуштар тийиштүү деңгээлде жетпей жатат» деди эле Чубак Ажы. Ата салтын улоо, мамлекеттин биримдүүлүгүн сактоо сыяктуу идеология жок, билим берүү, саламаттыкты сактоо, дагы башка тармактарды координациялоо боюнча органды түзүүнү сунуштайм. Бир кезде мамлекеттик катчы деген кызмат бар эле. Балким, ошол кызматты кайтаруу туура болот.

Кошумчалай кетсек, жакында эле Аксы районунда 10-11 класстагы кыздардын арасында массалык мушташтын видеосу тарап, коомчулуктун талкуусуна алынган эле.

Copyright © 2017 Maral FM