Биз менен байланышыңыз

Кара-Сууда турак жайда өрт чыгып, төрт үйгө жайылды

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 519 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында турак үйдүн чартыр өрттөндү. Өрт кошуна үйлөрдүн чатырына жайылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 19-ноябрь күнү саат 17:52де Султан-Абад айылынын Нурахунов көчөсүнүн №407 дарегинде жайгашкан 2 турак үйдүн ортосундагы чатырынан өрт чыгып, биринчи үйдүн бөлмөсүнүн жалпы 15 чарчы метр аянты, экинчи үйдүн 23 чарчы метр чатыры күйгөн. Ошондой эле Нурахунов көчөсүндө жайгашкан №409-Б үйүнө да өрт өтүп, 240 чарчы метр чатыры күйгөн. Жабыркагандар жок.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 18:38де чектөөгө алынып, саат 19:52де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин борбордук аппаратынын ыкчам тобу, Кара-Суу райондук №25 АӨКБдан 2 бөлүм, Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм жана өрт өчүрүү Штабы, Мындан сырткары тез жардам кызматынан 2 бригада, РЭТтен 1 бригада жана ИИМден 4 кызматкер.

Copyright © 2017 Maral FM