Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү кеңештин депутаты болууга жогорку билимдин зарылчылыгы жок

Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 454 | 0

Жогорку Кеңеште жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун кароонун жол-жоболору улантылды.

Талкууда депутат Нурбек Тотонов аракеттеги мыйзамда айылдык кеӊештердин кошмо жыйыны район акимине ишеним көрсөтпөө ыйгарым укугу бар экендигин, долбоордо эмне себептен алынып жаткандыгына кызыкты. Демилгечи депутаттардын бири Акылбек Жапаров мындай түзөтүү Башмыйзамга ылайык, жүргүзүлүп жатканын айтты.

Депутат Тариель Жоробеков мыйзам долбоорунда муниципиалдык кызматтарда иштегендердин жергиликтүү кеӊештерде депутат болушу коррупцияга алып келиши мүмкүндүгү сыяктуу көп мүчүлүштүктөр бар экенин белгиледи.

Жыйын жүрүшүндө айылдык кеӊеш депутаттарынын саны 15, 25 жана 31 болуп көбөйтүлүшү долбоордун жер-жерлердеги талкууларында ушундай сунуштар болгондугунан улам, өзгөртүлгөндүгү белгилүү болду. Мындан сырткары, айылдык кеӊештердин депутаттарында жогорку билимдин талап кылынышы ар кандай пикирлерди жаратты. Бир катар депутаттар айыл жерлеринде жогорку билими жок, бирок айыл турмушун оӊдоого салым кошо турган жарандар арбын экенин айтып, жогорку билимдин талап кылынышы анчейин туура эмес деген пикирлерин билдиришти.

Мыйзам долбоору президенттин 2018-жылдын 10-январындагы “Аймактарды башкарууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM