Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандык актриса Гавхар Шарипова жол кырсыгынан каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 1296 | 0

Өзбекстандык актриса Гавхар Шарипова жол кырсыгынын кесепетинен каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн тергөө кызматы билдирген.

Маалыматка ылайык, окуя Кашкадарья облусунда катталган. Isuzu унаасында бара жаткан актриса 29 жаштагы жолоочу менен тартыша кетип, унаадан түшүү үчүн эшикти ачкан. Айдоочу ылдамдыкты төмөндөтпөгөндүктөн салондон кулап кеткен актриса алган жаракатынан улам ошол жерде көз жумган.

39 жаштагы Гавхар Шарипова «Алпамыш», «Сарвиноз», «Алданган аял» кинолорунда роль жараткан. Ошондой эле «Эже-сиңдилер» сериалында Нафисанын ролун аткарган.

Copyright © 2017 Maral FM