Кыргыз-тажик чек арасында бир топ куралдуу кагылышуулар болуп келген. Азыр да мындай кагылышуу болбойт дегенге кепилдик жок. Анткени кээде чагымчылар чыгып, анын негизинде чыр башталып кетүүдө. Бул тууралуу вице- премьер-министр Жеңиш Разаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасын тактоо канча убакытты аларын айтуу кыйын. Бул маселе эки тарап бир пикирге келишкенде чечилет. Учурда эки мамлекет эки башка укуктук негизди сунуштап жатат.
-Укуктук негиздерди тактоодо эки тараптын пикир келишпестиги бар. Тажик тарап 1924-1927 жылдагы материалдарды пайдаланабыз дейт, ал эми биз 1991-жылдагы макулдашууну укуктук негиз караты карап жатабыз. Делимитация маселелери 2002-жылдан тарта жүрүүдө. Ар кандай деңгээлде жүрүп, бир туруп токтоп калууда, — дейт Разаков.
Ал белгилегендей, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 970 км. Анын 519,9 чакырымы эки тараптуу өкмөттүк делегациялардын деңгээлинде бекитилген. Ал эми жумушчу топтордун деңгээлинде мамлекеттик чек аранын 77,71 чакырымынын сызыгы баяндалып жазылган. 373 чакырым жазыла элек. Ал эл көп жашаган жерлер.