Биз менен байланышыңыз

Бириккен улуттар уюму Кыргызстандагы реформаларды колдойт

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 569 | 0

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) мындан ары да Кыргызстандын өлкөнү өнүктүрүү боюнча максаттарын колдоого даяр. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан эл аралык донордук конференциянын жүрүшүндө БУУнун Борбор Азия боюнча Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман билдирди.

Герман айым туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашырууга каржы жетишсиздиги кедерги болуп келери тууралуу:

—  Өлкөлөр ички ресурстарын мобилдештирүү үчүн бардык аракеттерин жумшашы керек. Бир четинен, эл аралык коом тарабынан көрсөтүлгөн жардам чечүүчү мааниге ээ. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстанды өнүктүрүүдө эки тараптуу жана көп тараптуу өнөктөштөрдү, ошондой эле жеке ишкерлерди өлкөнүн 2030-жылга чейинки өнүгүү күн тартибин колдоого чакырам, — деп белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM