Биз менен байланышыңыз

ЮСАИД кургак учукка каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга $35 млн каражат бөлгөн

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 558 | 0

2024-жылга чейин ЮСАИД кургак учукка каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга 35 млн доллар каражат бөлөт. Бул тууралуу ЮСАИД администрациясынын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча өкүлү Хавьер Пьедра Бишкекте өтүп жаткан эл аралык донордук конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, 35 млн доллар каражат 2014-2024-жылдар аралыгында сарпталат.

Ушу тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Туруктуу өнүктүрүү үчүн реформаларды тездетүү»  аталышындагы форум өтүп жатат. Анын ишине президент Сооронбай Жээнбеков, Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев жана тийиштүү жетекчилер катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM