Биз менен байланышыңыз

Буриан: Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлгөн реформалардын ишке ашарына ишенет

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 474 | 0

Европа Биримдиги Кыргызстанда болуп жаткан реформалардын ишке ашарына ишенет. Биримдиктин өлкө бюджетин колдоосу буга далил. Мындай пикирди Бишкекте өтүп жаткан эл аралык донордук конференциянын жүрүшүндө Европалык Биримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан билдирди.

Ошол эле мезгилде, ал, мындай колдоо дайыма эле боло бербесин айтып, өлкөнүн артыкчылыгы катары инвестицияларды тартуу жана ички ресурстарды колдонууга болгон умтулуусун баалады.

Бул артыкчылыктар Кыргызстандын өнүгүү программасында көрсөтүлгөн. Мен аларды ишке ашырууга болгон күчтүү саясий эркти белгилеп кетким келет”, — деди ал.

Буриан Евробиримдик мындан ары да Кыргызстандын күчтүү жана туруктуу өнөктөшү болуп кала берерин белгиледи. Бул эки тараптуу кызматташтык боюнча документте да көрсөтүлгөнүн ал кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM