Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Европага барат

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 506 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы Европа биримдигинин институттарына иш сапары менен барат. Бул боюнча кечээ Бельгиянын Брюссель шаарында өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Европа тышкы аракеттер кызматынын башкы катчысы Хельга Шмид менен жолугушуусунда талкууланды.

Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Тараптар, ошондой эле, Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашууга кол коюуга техникалык даярдык маселелерин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM