Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандагы парламенттик шайлоонун үгүт кампаниясына старт берилди

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 575 | 0

Өзбекстанда 18-ноябрдан тарта Олий Мажилистин мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештердин эл өкүлдөрүн шайлоого карата үгүт кампаниясына старт берилди.

Маалым болгондой, Өзбекстанда Олий Мажилистин мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 22-декабрга белгиленген. Бул шайлоого өлкөдөгү беш саясий партия катышмай болду. Алар: «Улуттук кайра жаралуу» демократиялык партиясы, «Адилет» социал-демократиялык партиясы, Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясы, Ишкер адамдар жана ишкерлер кыймылынын либералдык-демократиялык партиясы (УзЛиДеП) жана Экологиялык партия болуп саналат.

Коңшу өлкөдөгү бул шайлоодо быйыл 20 млн шайлоочунун добуш берүүгө укугу бар. Алардын ичинен эки миллиону быйыл алгачкы жолу шайлоо укугуна ээ болгон жаштар.

Copyright © 2017 Maral FM