Биз менен байланышыңыз

Футболго байланыштуу Бишкекте стадиондун тегерегиндеги жолдор тосулат

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 449 | 0

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан – Тажикстан курамаларынын беттешине байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөрдө транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Дөлөн Өмүрзаков стадионунун тегерегиндеги жолдор тосулат. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, ал эми Абдумомунов көчөсү —Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейин жабылат.

Мындан сырткары, Фрунзе көчөсү боюнча Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы айдоочуларга маршрутту алдын ала пландоону эскертет.

Беттеш саат 20:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM