Биз менен байланышыңыз

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Орусиянын жараны кармалды

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 452 | 0

17-ноябрда «Кайыңды-темир жолу» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу поездди текшерүү маалында көмүр ташуучу вагонунда жашынып, документтери жок Казакстанга өтүп кетүүгө аракет кылган Орусиянын 1971-жылы туулган С.А. аттуу жараны кармалган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM