Биз менен байланышыңыз

Аятолла Али Хаменеи: Өлкөдөгү нааразычылыктарда сырткы душмандардын кызыкчылыгы бар

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 645 | 0

Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү башаламандыктын артында чет өлкөлүк күчтөр жана мурунку шахтын жакындары турат деп эсептейт. Ошондой эле, революциянын каршылаштарын бийликке каршы акцияны колдогонун айыптады:

— Ирандын душмандары өлкөдөгү чыңалган абалды күчөтүү үчүн колдон келген аракетин жумшоодо. Мекенчил азаматтарыбыз алардын артынан барбайт деп ишенем. Албетте, бул мыйзамга каршы болгондор бар, бирок, башаламандык жана өрттөөнү биздин эл эмес, ээнбаштар кылып жатат,- деди аятолла.

Хаменеи бийликтин дизелдин баасын кымбаттаткан чечимин колдой тургандыгын айтты. Ошондой эле, чиновниктерди эл бул нарктан жабыркабагандай кылып көзөмөлдөөгө чакырды.

Иранда 15-ноябрда дизелдин баасы кымбаттап, аны сатып алууда квота киргизилген. Ага ылайык, унаа ээси бир айда 60 литр гана бензин сатып ала алат. Квотанын алкагында бензиндин баасы да 1000 иран туманына (1,67 сом) 1500га (2,5 сомго) кымбаттаган.


Хаменеи: АКШ-Иран маселесинде Иранды күнөөлүү кылып тарыхты бурмалагандар бар


Мыйзам кабыл алынган соң, өлкөдө нааразылык акциялары башталган.

17-ноябрда Ирандын бир катар шаарларында митингдер уланып, күч органдары менен демонстранттардын кагылышуусу болуп өткөн. Бул күнү Иранда толугу менен интернет өчүрүлгөн.

16-ноябрда Сиржан шаарында акцияга катышкан бир адам каза болгон. Айрым маалыматтарда Бехбахан, Исфахан жана Мариванда дагы төрт киши өлдү деп жазылды. Күйүүчү майдын баасын кескин кымбаттаткан жана бензин сатууга квота киргизген өкмөттүн чечиминен кийин Ирандын Сиржан, Мешхед, Ахваз, Бандар-Аббас, Шира жана башка шаарларында нааразылык акциялары өттү.

АКШ санкцияларды күчөткөн соң, Ирандын экономикасы артка кетип жатканына байланыштуу, аны көтөрүү максатында мунайдын баасын көтөрүү жана бензин сатууну чектөөнү чечкен. Маалымат булактарында мындай нааразычылыктар февраль айына белгиленген президенттик шайлоонун алдында президент Хасан Роуханиге карата басымдын күчөшүнө алып келүүсү мүмкүн экендиги айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM