Connect with us

Акматалиев: «Саймаити менен Сопоков тааныш экенин башынан эле түшүнгөм»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2019 | 819 | 0

Коомдогу мүчүлүштүктөр дипломатиялык кызматта да кездешет. Эгерде коомдо коррупция болсо, анда дипломатиялык кызматтарда да мындай көрүнүш кайталанат. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, элчилерде билимден сыткары инсандык касиеттердин да болуусу керектигин, элчилерди тандоодо ката кетип жатканын төмөнкүчө билдирди:

-Стамбулдагы консул айрым мамлекеттеги элчиликтерге караганда өтө маанилүү кызмат. Анткени Стамбул-  ири шаар, чоң сооданын борбору. Дагы көп ачылыштар алдыда деп ойлойм. Айеркен Саймаити менен Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоков тааныш экенин башынан эле түшүнгөм. Анткени экөө тең Атамбаевге байланышкан адамдар. Жеке менчик унаага дипномурду илип жүрүүгө болобу? Айтор, укуктук жактан да аксап жатабызбы деп ойлойм. Бул маселеде тиешелүү чиновниктердин жоопкерчилиги каралышы керек», — дейт Акматалиев.

Ал белгилегендей, Тышкы иштер министрлигинде жүрүм-турум, этика боюнча өзүнчө нормативдик документ керек. Атайын дипломаттарга өзгөчө мамиле болушу кажет.

Copyright © 2017 Maral FM