Биз менен байланышыңыз

Нааразычылык коштогон Грузия

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 406 | 0

17-ноябрда Грузия парламентинин алдында 5,5 миң адам чогулду. Бул тууралуу өлкөдөгү патрулдук полиция департаментинин жетекчиси Важа Сирадзе билдирди.

Андан сырткары, борбор шаар Тбилисиде Руставели проспектиси менен опера жана балет театрында да митинг өттү.

Демонстранттар мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышууда.

Акцияга «Бирдиктүү элдик кыймыл» жана «Европалык Грузия» сыяктуу ири оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү катышты.

Өлкөдөгү нааразычылыктар 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон.

Жайында июлда да каршылык акциялары катталып, демонстранттар менен полициянын ортосундлагы кагылышуудан 240тай адам жабыркаган. Бул ирет полиция күч колдонгон эмес.

Copyright © 2017 Maral FM