Connect with us

Кыргыз-казак министрлери Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга боло турган сапарын талкуулашты

Кыска кабар | 16 Ноя 2019 | 505 | 0

Кечээ Өзбекстандын Ташкент шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков казакстандык кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу жолушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызматташуунун күн тартибин карап чыгышты, кыргыз-казак өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин ушул жылдын ноябрь айынын аягында Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча пикир алмашышты. Сапардын уюштуруучулук-протоколдук маселелерине жана мазмундуу бөлүмүнө тараптардын өзгөчө көңүлү бурулду.

Сүйлөшүүлөр Борбордук Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында болуп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM