Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Путин Кремлде жолугушту

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 857 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия лидери Владимир Путин менен Кремлде жолукту. Тараптар тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Орус өлкөсүнүн башчысы эки өлкөнүн соода жүгүртүү көлөмү менен инвестиция жаатында кызматташтыкты бекемдөөнүн зарылдыгы бар экенин айтат.

Биздин мамилелер бардык тараптан өнүгүп жатат. Орусия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп эсептелет. Соода жүгүртүүнүн көлөмү менен инвестиция тууралуу ар дайым сүйлөшө турган сөз бар, — деди Путин.

Путин эки өлкөнүн башчылары тез-тез жолугуп жатканын белгилеп, бул нерсе 2020-жылы дагы уланарына ишенерин айтты.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылда орус-кыргыз кызматташуусу кыйла жанданганын белгиледи.

2018-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгениңизде бир катар келишимдерге кол коюлган. Бул нерсе бардык жаатта иштин жүрүшүнө өбөлгө түздү, — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле, Орусия Кыргызстандын ЕАЭБдеги негизги өнөктөшү экенин кошумчалады.

Кечинде Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылынын ачылыш аземи болот. Анда эки президент тең сөз сүйлөөрүн маалымат кызматы кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM