Биз менен байланышыңыз

Италияда ажырашкан эркектерди камкордукка алган жайлар көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 576 | 0

Италияда жубайы менен ажырашып, үйсүз калган эркектерди кабыл алуучу камкордук үйлөрү ачылып жатат.

Бул тармакка кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн билими, квалификациясы жана социалдык статусу боюнча буга чейин төмөнкү катмарга кирбеген, башкача айтканда «жаңы кедейлер» түзөт.

Статистикалык маалыматтар тастыктагандай, мурунку жубайлар ажырашуу маалында көбүнчө күйөөсүн толугу менен банкрот абалга чейин жеткирген учурлар болот. Себеби Италиянын мыйзамдарына ылайык, ажырашуу учурунда турак-жайдын 60 пайызы балдарына жана жубайына калат. Ага кошумча, мындай жагдайлардын 94 пайызында эркектер балдарына эле алимент төлөп калбастан, аялдарын да бирге жашап жаткан учурундагыдай кылып багууга милдеттендирилет.

Орто эсеп менен италиялык ажырашкан эркек балдары менен аялынын алиментине айына 1000 евронун тегерегинде акча төлөп калат. Бул сумма албетте, туруктуу жумушу барлар үчүн да өтө кымбат болуп саналат.

Аялы менен ажырашып, мындай абалда калган италиялыктар алименттин айынан экс-жубайын каржыламак турсун, өздөрү жашаш үчүн батир тапканга дарамети жетпей калышат. Көпчүлүгү дос, тааныштардыкында жашаганга өтүшөт. Ошентип отуруп, соңунда унаасында уктап, унаасында гана жашап калган учурлар да кездешпей койбойт. Акыркы жылдары Италияда ажырашуу менен байлыгын бөлүштүрүү жеке трагедияга айланган мырзалардын саны жыл сайын өсүп барат. Ушундан улам жергиликтүү бийлик бул көйгөйдү азыркы тапта өтө курч маселелердин тизмесине киргизип, мамлекеттик масштабда көңүл буруучу жагдай деп айтып келет.

Жалгыз бой эркектерди кабылдоочу жайлар түндүктөн (Турин) түштүккө (Неаполь) карай жалпы Италия боюнча ачылууда. Ажырашкан аталар үчүн камкордук жайлары эң жакшы турак болуп саналат. Бир гана башпаанек болбостон, балдары менен жолугушууга, түңүлүп калган жашоосун жандандырууга психологдордон акысыз кеңеш алууга да мүмкүнчүлүк түзөт.

Учурда эң белгилүү болгон “аталар үчүн пансиондор”: Сассари, Сардиния, Римини жана Болонье региондорундагы кабыл алуучу жайлар. Аларда жок дегенде өз бөлмөлөрү, жалпы тамактануучу жай, балдары менен убакыт өткөрүүчү атайын орун, анын ичинде бассейн, балдар аянтчасы да бар.

Баары жакшы, “бирок”: камкордук жайларында эркектер бир жылдан ашык кала алышпайт. Кыска убакыттын ичинде алар туруктуу жумуш, мүмкүн болушунча, жашаганга үй таап чыгып кетиши керек.

Социалдык көйгөйдөн кутулуп, бутуна туруу үчүн Римдеги Лацио региону былтыркы жылы жабыркагандарды акчалай түрдө да колдоого алган. Өлкөнүн борбору баштаган бул өрнөк башка региондодо да уланарын айтыш кыйын. Бул өлкөдө ансыз да каржы маселеси оор абалда, тагыраагы, Италиянын ички карызы эле 2 триллион евродон ашык (ИДПдан 132 пайызга көп).

Copyright © 2017 Maral FM