Биз менен байланышыңыз

Сокулуктук тургундун акчасын бербей жүргөн согдилик тажик жаран кармалды

Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 574 | 0

Чүйдүн Сокулук районунун тургунунун малын насыяга алып, акчасын бербей алдап жүргөн тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Окуя ушул жылдын июнь айларынын аяк чендеринде Лейлек районунун Арка айылындагы мал базарда болгон. Кошуна Тажикстандын Согди облусунун Сарикамар шаарынын Рустам аттуу 35 жаштагы тургуну Чүй облусунун Сокулук районунун жаранынын бир нече бодо малын 370 миң сомго баалап, сатып алат. Макулдашылган акчанын 77 миң сомун жеринде колуна карматып, калганын кийин бермек болуп макулдашышат. Эки тараптын макулдашканына карабай тажик жараны акчаны бербей коёт.

Сокулуктун тургуну бул боюнча милицияга арыз менене кайрылат. Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул факты боюнча Лейлек районунун криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, шектүүнү колго түшүргөн.  Учурда сотко чейинки өндүрүштүк иши башталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM