Биз менен байланышыңыз

Футбол: Япония-Кыргызстан 1:0 (видео)

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 486 | 0

Бүгүн, 14-ноябрда Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатынын тандоо турунда Япония менен беттешип, оюндун биринчи бөлүгүндө 0:1 эсебинде Япониянын улуттук курама командасы алдыга суурулуп чыкты.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүүдө.

Кыргызстан курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы болуучу Азия Кубогунун тандоо этабында Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашууда.

Төртүнчү турдун жыйынтыгында Япония 9 упай менен тизмеде сап башында келе жатат. Кыргызстан 6 упай топтоп, экинчи сапта турат.

Copyright © 2017 Maral FM