Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтөт

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 952 | 0

14-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында IV республикалык «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Бул жылы өлкөнүн бардык аймактарындагы 10-17 жаш аралыгындагы жаш режиссёрлордон жалпы 56 кыска метраждуу тасмалар келип түшкөн. Тандоо турунун жыйынтыгында 25 тасма тандалган, 15-ноябрь күнү алардын ичинен эң мыкты деп табылган тасмалар сыйлыктарын алышат.

15-ноябрда жаш кино өнөрпөздор борбордогу «Манас» кинотеатрынын алдында кызыл килемден атактуу киночулар менен бирге өтүп, салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземине катышышат.

Сыйлык тапшыруу аземинде IV республикалык «КАРЕК» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалынын жалпы катышуучуларына дипломдор тапшырылат.

Бардык номинациялар боюнча жеңишке жеткен балдарга ноутбуктар, уюлдук телефондор жана фотоаппараттар ыйгарылып, эң мыкты болуп табылган үч катышууга фестивалдын атайын «Карек» статуэткалары да берилет.


ТУМАР: Балдарды зомбулуктан коргоо үчүн онлайн петицияга кол коюңуз!


Мындан сырткары, бул жылдын өзгөчөлүгү катары БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан «Балдар укуктары тууралуу конвенцияга» арналган атайын «ТУМАР» сыйлыгы да өз ээсин жаш киночулардын арасынан табат.

Тасмалар төмөнкү номинациялар үчүн ат салышат: «Мыкты көркөм тасма», «Мыкты даректүү тасма», «Мыкты анимациялык тасма», «Мыкты режиссер», «Мыкты оператор», «Мыкты сценарист», «Мыкты монтажер», «Мыкты актриса», «Мыкты актер», «Калыстардын атайын сыйлыгы», «БУУнун Балдар фондунун атайын ТУМАР сыйлыгы».

 

Copyright © 2017 Maral FM