Биз менен байланышыңыз

Спикер Баткендин жергиликтүү депутаттары менен жолугушту

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 448 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 13-ноябрда болуп өткөн жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык абалы, чек ара маселеси талкууга алынып, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жасалуучу иштер тууралуу сөз болду.

Төрага Жумабеков аймактардагы жетишкендиктер өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгиледи.

Акыркы жылдары алыскы аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, мектеп, оорукана, жол, таза суу сыяктуу социалдык маселелерди чечүү негизги максат болууда. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында айылдарды байланыш, интернет менен камсыздоо аракети арбын”, – деди төрага.

Өз кезегинде Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы Абдикарим Каламбеков айрым маселелерге токтолуп, аны чечүүгө көмөктөшүүнү Төрага Дастанбек Жумабековдон өтүндү. Анын ичинен Баткен айланма жолун толук бүткөрүү, кезекте турган 3000 кишиге жер тилкесин бөлүп берүү маселесин чечүү, айрым айылдарга чек ара статусун берүү, жаңы мектеп имараттарын куруу, Зардалы өңдүү айылдарды телефон, интернет байланыштары менен камсыздоо, үч айылга таза суу киргизүү көйгөйлөрү курч экенин белгиледи.

Төрага Дастанбек Жумабеков көйгөйлөрдү тиешелүү Өкмөт өкүлдөрүнө жеткирүү менен анын чечилишине көмөк көрсөтөрүн убада кылды.

Белгилей кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова менен Таабалды Тиллаев да катышты.

Copyright © 2017 Maral FM