Биз менен байланышыңыз

Айпери Кубик кызы: «Эмгегим талкууга түшүш керек»

Көңүл ачуу , Марал шоу | 12 Ноя 2019 | 1240 | 0

Чыгармачылыкта өзүнүн орду бар, бир топ кинолордо роль жараткан, айтылуу Кубик Калыковдун тун кызы Айпери Кубик кызы “Марал шоу” программасында конокто болду.

— Чыгармачылкта кандай жаңылыктар болуп жатат?

— Шаңдуу ырларды жаздарып, тойго ырдап жатам. Жаңы жылдан кийин чыгармачылыкка кызуу киришейин деп ойлоп жатам. Менин максатым — жараткан эмгегим талкууга түшүш керек. Ар бир клибимде башкача образдарды көрсөткүм келет.

-Сиз бакыт деп эсептеген 5 нерсе?

-Ата-эне, бир туугандардын амандыгы, сүйгөн адамыңдын маанайы, балдарыңдын ден соолугу, балдардын шыңгыр күлкүсү.

-Продюссериңиз барбы?

-Чыгармачылык чыйыр жолдо жүргөнүмө быйыл 11 жыл болду. Алгач, атам колдоо көрсөтүп, көп нерсени үйрөттү. Ушул убакка чейин продюссер менен иштешкен жокмун. Ар бир нерсеге өзүм чуркап келе жатам.

-Сизди сындан коркпогон адам катары билебиз. Өзүңүз башкаларга сын айтасызбы?

-Сынды туура кабыл алам. Өзүм сын айткан адам эмесмин, бардык нерсени бетине айтам, артынан ушактагандан алысмын. Ошол себептен көптөрдүн көңүлүн оорутуп алышым мүмкүн.

-Күйөрмандар менен жолугушуп турасызбы?

-Жолукпасам да, телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Азыркы күнгө чейин сүйүүсүн айткан мырзалар бар. Жолдошумдун алдында өзүмдү жаман сезем. Аларга рахматымды айтып турам.

-Келбетиңизге кандай кам көрөсүз?

-Корей косметикаларын колдоном. Боектон алысмын, күнүмдүк жашоодо боенбойм.

-Абысындар менен пикир келишпестик же атаандаштык болобу?

-Алгач келин болгондо мени «ырчы» деп, башкача көздөр менен карап, кылып жаткан ишиңди сынаган  болушу мүмкүн. Сыноолордон жакшы эле өтүп келдим. Кайын журтум ыраазы, батасын берип турушат. «Берешен, колу ачык» деп ошол сапатымды жакшы көрөт.

-Кинолорго тартылууңузга эмне себеп болгон?

-17 жашымда “Достор” аттуу киного Назым Мендибаировдун сунушу боюнча тартылып калгам. Бетимди бузгандан коркпойм. Экрандан кандай көрүнүп калам деген максат эмес, берилген образды жеткире аткарыш керек.

Copyright © 2017 Maral FM