Биз менен байланышыңыз

Гонконг полициясы нааразычылыкка чыккан 300дөй адамды кармады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 623 | 0

Гонконг полициясы бир күндө каршылык акциясына чыккан жарандардын 287син кармап кетти.

Кармалгандардын 190у студент. Демонстранттардын эң жашы 12 жашта болсо, улуусу 82 жашта.


Гонконг: Кайрадан митинг, көздөн жаш агызуучу газ колдонгон милиция


Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, июнь айынын башынан бери байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүү боюнча макулдашкан. Жалпы каршылыктан соң, бийлик бул мыйзамды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө жылдырган. Ага карабастан, Гонконгдун тургундары бийликтин аталган мыйзамдагы түзөтүүлөрдөн толугу менен баш тартуусун талап кылып, нааразылык акциясын токтотпой келишет.

Copyright © 2017 Maral FM